ЖЫТТА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жыт алуу органдары, сезими аркылуу бир нерсенин жытын алуу, жытын сезүү, искөө. Гүлдү жыттап кармап турдуң кичине (Нуркамал). Алымкул жалбыздан бир тутам жулуп алып жыттай баштады (Абдукаримов). 2. Эркелетүү, жакшы көрүү. Баланын жоктур санаасы. Ата-энеси жыттаса, Анык чыгат капасы (Токтогул).